Жаңы окуу жылына даярдык. Окуу китептери жакынкы күндөрү мектептерге жеткирилет
27 август

Жаңы окуу жылына даярдык. Окуу китептери жакынкы күндөрү мектептерге жеткирилет

Жаңы окуу жылына карата «Учкун» ачык акционердик коомунда басылып чыгарылган китептер жакынкы күндөрү мектептерге жеткирилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги аталган басмаканасына уюштурган пресс-турдун жүрүшүндө айтылды. 

Пресс-турдун максаты – өлкөдөгү эң ири басмакананын өндүрүш процесси менен таанышуу жана окуу китептерин басып чыгаруу ишинин жүрүшү боюнча кеңири маалымат алуу.

Пресс-турга агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басарлары Надира Жусупбекова, Лира Самыкбаева, ошондой эле Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова, «Учкун» ААКнын башкы директору Бакытбек Султанов, «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов жана башкалар катышты.

Окуу китептерин басып чыгаруу иштеринин жүрүшү

Азыркы учурда «Учкун» ААКнын басмаканасында 3, 4, 5, 6,7, 8, 9-класстар үчүн «Англис тили» боюнча окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу иши аяктап калды. Окуу китептеринин жалпы нускасы 1,9 млн ашат.

3, 4, 5, 6, 7, 8-класстар үчүн “Англис тили” окуу китептери толугу менен басылып чыгып, өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарына таратылды;

9-класстар үчүн окуу китептери азыркы учурда басылып жатат жана жакынкы күндөрү мектептерге жеткирилет;

Кийинки этапта 1, 2, 5, 7-класстар үчүн математика жана табият таануу предметтери боюнча окуу китептери басылып чыгат.

Ошондой эле, Агартуу министрлиги «Окуу китеби» платформасын ишке киргизди. Бул платформа окуу процессин үзгүлтүксүз камсыз кылууга, басылып чыккан китептерди жеткирүү мөөнөтүнө көз каранды болбоого мүмкүндүк берет жана окуу китептерине бирдиктүү санариптик жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

«Окуу китеби» платформасы «Күндөлүк» жана «Санарип кампа» системалары менен интеграцияланган. Эми окуучулар электрондук китептерди бекер колдоно алышат жана авторизациядан өткөндөн кийин аларды офлайн режимде жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.