Баткен: Жаңы-Достукта жаңы бала бакча курулууда
Курулуш министрлиги
27 апрель

Баткен: Жаңы-Достукта жаңы бала бакча курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Баткен районунун Жаңы-Достук участкасында заманбап, 100 орундуу бала бакча курулууда.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин наркы 64 миллион сомду түзөт.

Башкы план ылайык жалпы аянты 988 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имараттан турат. Учурда эки кабаттын колонна орнотуу иштери аяктап, бетон төшөлүүдө.

Курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы текшерүүдөн өткөрүлүп, иштин аткарылышын Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөйт.