Кыргызстан жогорку билим берүү системасын чыңдоодо
19 сентябрь

Кыргызстан жогорку билим берүү системасын чыңдоодо

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 16-сентябрда Бишкек шаарында өткөн ректорлордун координациялык кеңешмесинин алкагында жаңы демилгелерди сунуштады.

Министрлик жогорку билим берүү системасын модернизациялоого, аны эмгек рыногу менен тыгыз байланыштырууга жана жаңы муундагы атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоого багытталган негизги демилгелерди ишке киргизүүнү жарыялады.

Жакынкы келечекте билим берүү программаларын жаңылоо пландалууда. Алар эл аралык стандарттарга жана экономиканын талабы жогору болгон практикалык көндүмдөргө багытталат. Айрыкча, STEAM-багыттарын (илим, технологиялар, инженерия, искусство жана математика) өнүктүрүүгө жана заманбап санариптик чечимдерди окутуу процессине киргизүүгө көңүл бурулат.

Адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн университеттердин бизнес жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташтыгын күчөтүү, дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү жана студенттердин реалдуу экономика секторунда стажировкаларын кеңейтүү каралууда. Мындай ыкма бүтүрүүчүлөрдү заманбап эмгек рыногунун чакырыктарына даяр кылып, өлкөнүн инновациялык өнүгүүсүнө активдүү катышууга шарт түзөт.

Ошондой эле студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, эл аралык эксперттерди жогорку билим берүү системасына тартуу маанилүү багыттардын бири болот. Бул тажрыйба алмашууга, окутуунун деңгээлин көтөрүүгө жана университеттерди дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого өбөлгө түзөт.

Министрлик билим берүүнүн сапатын баалоонун жаңы механизмдерин да киргизүүнү көздөөдө. Анын ичинде негизги натыйжалар көрсөткүчтөрүнүн (KRI – Key Result Indicators) системасы каралып, университеттердин ишмердиги ачык-айкын жана натыйжалуу болушуна шарт түзүлөт.

Бул демилгелердин ишке ашырылышы заманбап, ачык жана практика-баалуу жогорку билим берүү системасын түзүүгө маанилүү кадам болуп саналат. Натыйжада бүгүнкү күндүн талабына жооп берген гана эмес, Кыргызстандын келечектеги өнүгүшүн аныктай алган кадрлар даярдалат.