Бекешев мектеп окуучуларын ыңгайсыз формадан куткаруу аракетин улантууда
20 май

Бекешев мектеп окуучуларын ыңгайсыз формадан куткаруу аракетин улантууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жакында Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан совет учурунда курулган үйлөрдүн биринин жашоочусу менен жагымсыз сүйлөшүү болгонун билдирди. 

“Ал өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн чатыры жараксыз абалга кептелгенин айтып, “чатырды силер, депутаттар оңдоп берүүгө милдеттүүсүңөр” дейт. А биздин андай милдетибиз жок. Мен башка идеяны сунуштагым келип жатат”, – деди депутат. 

Бекешев сунуштагандай, Энергетика министрлиги жана мэрия советтик үйлөрдүн чатырын оңдоп жана ага күн панелдерин орнотуусу керек. Ошондо депутаттын айтымында, чатыр да оңдолот, күн панелинен ошол жана жакынкы үйлөр экологиялык электр энергиясы менен камсыздалат. 

Ошондой эле депутат жакында Министрлер Кабинетинин чиновниктерге костюмсуз жүрүүгө уруксат берген чечимин колдоду. Бирок депутат чиновниктерге берилген мындай жеңилдик мектеп окуучуларына да берилиши керек деп эсептейт. 

“Окуучулардын формасы жазгы, күзгү ысыкта, кышкы суукта ыңгайсыз. Аларды да ойлойлу”, – деди ал.