Бишкек: Ак-Бата конушундагы жаңы мектептин курулушу 70 пайызга аткарылды
28 июль

Бишкек: Ак-Бата конушундагы жаңы мектептин курулушу 70 пайызга аткарылды

Курулуш министрлиги тарабынан борбор калаанын Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат.

Мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 5 257 чарчы метрди түзгөн мектеп 5 блоктон турган эки кабаттуу имарат болот. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, медициналык бөлмө, жыйындар залы, эмгек кабинети жана спорт залы каралган.

Учурда курулуш иштеринин 70 пайызы аткарылды.

Курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүп, техникалык талаптардын сакталышы үзгүлтүксүз текшерилип турат.