Ош облусунда 16 миң 577 окуучу 11-классты аяктады
Ош облусу боюнча жалпы 524 билим берүү мекемесинде “Акыркы коңгуроо” кагылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 16 577 окуучу 11-классты, ал эми 26 921 окуучу 9-классты аяктаган.
Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев иш сапары менен Чоң-Алай районуна барып, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев менен биргеликте Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектептеги “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты.
Облустун башчысы бүтүрүүчүлөрдү, мугалимдерди жана ата-энелерди бүтүрүү майрамы менен куттуктап, окуучуларга мындан аркы билим жолунда ийгиликтерди каалады.
