Жаңы окуу жылынын алдында 25 миңден ашык мугалим квалификациясын жогорулатат
Агартуу министрлиги
28 июль

Жаңы окуу жылынын алдында 25 миңден ашык мугалим квалификациясын жогорулатат

Жаңы окуу жылынын алдында 25 миңден ашык мугалим квалификациясын жогорулатат. Башкы максат мугалимдерди жаңы окуу жылына сапаттуу даярдоону камсыз кылуу болуп саналат.

Агартуу министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн, 28-июлда министрдин орун басары Надира Жусупбекованын катышуусунда окутуулар  үчүн иштелип чыккан окутуу модулдары талкууланды.

Атап айтканда, башталгыч класстардын 1–3-класстарынын, ошондой эле математика жана табигый илимдер предметтери боюнча 5-, 7- жана 8-класстардын мугалимдерине арналган окутуу модулдары каралды.

Окутуулар жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарына, окуу программаларына жана жаңы окуу-методикалык комплекстерге ылайык өткөрүлөт.

Окутууларды өткөрүү үчүн биринчи этапта 455 тренер-методист даярдалат. Алар Бишкек жана Ош шаарларында атайын окуудан өтүп, андан соң өз аймактарында мугалимдерди окутушат.

Тренер-методисттерди окутуу графиги:

- 2026-жылдын 4–7-августунда Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында Ош шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тренер-методисттери үчүн окуулар өткөрүлөт.

- 2026-жылдын 10–13-августунда Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун базасында Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын тренер-методисттери үчүн окуулар уюштурулат.

Тренер-методисттерди окутууга Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү тартылат.