Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйыны өттү
Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары, Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйынына катышты.
Анда Жылдыз Садырбаева аталган жолугушуунун маанисине токтолуп:
«Биз социалдык адилеттүүлүктүн эң маанилүү аспектилеринин бири болгон бардык балдардын, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуу укугун камсыз кылуу маселесин талкуулап жатабыз. Инклюзивдик билим берүү – бул жеткиликтүүлүктү түзүү гана эмес, мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги, адамдык кадыр-баркты урматтоо жана социалдык интеграция маселеси болуп саналат», – деп белгиледи. Ошондой эле ал ЮНИСЕФтин колдоосу менен даярдалган изилдөө иштеринин жыйынтыгы учурдагы абалды объективдүү сүрөттөп, маалыматтарга негизделген конкреттүү сунуштарды берет деген үмүтүн билдирди.
Мындан тышкары майыптуулуктун медициналык модели дагы эле басымдуулук кылып жатканын, көптөгөн мектептердин инфраструктурасы тиешелүү талаптарга жооп бербей турганын айткан Төраганын орун басары:
«Ошол эле учурда оң өзгөрүүлөр да болуп жатат. Айрым мектептерде коррекциялык класстар ачылып, көп мугалимдер инклюзивдик ыкмаларды үйрөнүүдө. Бүгүнкү талкуу пикир алмашуу менен эле чектелбестен, конкреттүү аракеттерге: ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, инклюзивдүүлүктү чектеген ченемдерди кайрадан кароого жана туруктуу чечимдерди иштеп чыгууга түрткү бериши керек», – деди.
Жыйында андан сырткары БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа дагы сөз сүйлөдү.
Иш-чаранын катышуучулары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын сапаттуу билим алуусуна байланыштуу көйгөйлөрдү жана инклюзия, теңдик принциптерин андан ары илгерилетүү маселелерин талкуулашты. Муну менен катар ЮНИСЕФтин LiFE (Learning is For Everyone) глобалдык демилгесинин алкагында жүргүзгөн изилдөөсү көрсөтүлүп, Агартуу министрлигинин «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын инклюзивдик билим берүүгө тиешелүү бөлүгүн ишке ашыруу боюнча отчету угулду. Аны менен бирге Жогорку Кеңешке гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди.
Белгилей кетсек иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Агартуу министрлигинин, ЮНИСЕФтин өкүлдөрү, БУУнун Кыргызстандагы түзүмдөрү, изилдөөчүлөр жана жарандык активисттер катышты.
