ОшМУ менен Түндүк Америка университетинин ортосунда кош дипломдуу билим берүү боюнча келишимге кол коюлду
14 май

ОшМУ менен Түндүк Америка университетинин ортосунда кош дипломдуу билим берүү боюнча келишимге кол коюлду

ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун директору Тимур Исраилов, Метематика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун директору Бектур Азимов баштаган делегация 7-9-майда АКШнын Түндүк Америка университетинде өткөн эл аралыкконференцияга катышты.

Анда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келгенжогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жолугуп, тажрыйба алмашып, кызматташтыкты өнүктүрүү багыттарында макулдашууларга жетишти. 

Иш-чаранын алкагында Түндүк Америка университети менен биргеликте 1+1 кош дипломдуу программаны ишке ашыруумаксатында жана 2+2 бакалавр кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду.  

Анын алкагында эки университеттин ортосундаэкономика, менеджмент, компьютердик билимберүү багыттары боюнча кош дипломдуулук программалары ишке ашат.

Иш сапардын алкагында делегация NASA агенттигинде да болушту.  NASA – АКШнынаэрокосмостук изилдөөлөр боюнча мекемесиболуп саналат. Ал космостук миссияларды, илимий изилдөөлөрдү жана технологиялык инновацияларды ишке ашырган дүйнөлүк алдыңкы агенттик.