Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү балдардын 44,3%ын камтыйт
Соңку жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтуу рекорддук көрсөткүчкө – 28,3 пайыздан 44,3 пайызга чейин өстү. Бүгүнкү күндө бала бакчаларга 257 миңден ашуун бала барса, дагы 100 миң бала “Наристе” программасы боюнча даярдыктан өттү. Алар менен иштөө үчүн системага көбүрөөк тарбиячылар келишти, азыр алардын саны 12 миңдей, бул бир жыл мурдагыга караганда бир жарым миңге көп.
Бала бакчалар өзгөрүүдө: жаңы “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандарты, “1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү” программасы киргизилди, уктоочу бөлмөлөр модернизацияланып, миңге жакын жаңы тайпа ачылды, натыйжада 25 миңден ашык кошумча орун пайда болду.
balalyk.edu.gov.kg бирдиктүү онлайн платформасы түзүлдү, андан өлкөнүн бардык бала бакчаларын табууга жана ваучерге өтүнмө берүүгө болот.
2024-жылдын ноябрынан баштап ишке киргизилген ваучердик система үй-бүлөлөргө кырдаалга жараша айына 2 миң сомдон 4 560 сомго чейин финансылык колдоо көрсөтөт.
