Быйыл окуу китептерин басып чыгарууга канча каражат бөлүндү?
Окуу китептерин басып чыгарууга 2025-жылы мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүнгөн. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаңы окуу-методикалык комплекстер (ОУК): окуучу үчүн – окуу китеби жана жумушчу дептер, мугалим үчүн – методикалык колдонмо басылып чыгууда.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Учкун” ААК менен жалпысынан 571,9 млн сомго 3 198 650 нускада окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга контракттарды түздү (2023-2024-жылдары 1 490 786 нускада окуу китептери даярдалган). Бул сумманын ичинен бүгүнкү күндө “Англис тили” предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 917 570 нускада басылып чыкты. Анын ичинде:
- 3-класстар үчүн – 148 830 нуска;
- 4-класстар үчүн – 322 350 нуска (анын ичинен 158 700 нускасы Улуу Британиянын элчилигинин финансылык колдоосу менен жарык көрдү);
- 5-класстар үчүн – 305 010 нуска;
- 6-класстар үчүн – 299 850 нуска;
- 7-класстар үчүн – 288 750 нуска;
- 8-класстар үчүн – 282 050 нуска;
- 9-класстар үчүн – 270 730 нуска.
Ошондой эле 1, 2-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу” предметтери боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 281 080 нускада басылып чыгууда. Анын ичинде:
- 1-класстар үчүн Математика – 295 880 нуска;
- 2-класстар үчүн Математика – 344 660 нуска;
- 1-класстар үчүн Табият таануу – 295 880 нуска;
- 2-класстар үчүн Табият таануу – 344 660 нуска;
5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу” предметтери боюнча адаптацияланган окуу-методикалык комплекстер, ошондой эле 1-класстар үчүн “Наристе. Алиппе” окуу китеби басууга даярдалууда.
Кыргызстан менен Россиянын жумушчу тобу адаптациялаган орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери Россия Федерациясында басылып чыгып, 2025-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын мектептерине жеткирилет.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Окуу китеби” онлайн-платформасын ишке киргизди. Платформа окуу китептерин жеткирүү мөөнөттөрүнө карабастан окуу процессин камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана аларга жетүү үчүн бирдиктүү санариптик ресурс болуп калат.
