Садыр Жапаров: 1-апрелден тарта мугалимдердин орточо айлыгы 40 миң сом болот
2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдер орточо айлыгы 40 миң сом болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 14-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы бир катар социалдык объекттердин ачылыш аземинде билдирди.
Анын айтымына караганда, учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом.
"Шаар жергесинде орто билим берүү мектебинде орто билим бар, жаңы келген, тажрыйбасы жок мугалим көтөрүлгөндөн кийин 22 миң сомдун тегерегинде алат. Ал эми айыл жергесинде орто билим берүү мекемесинде эмгектенген билим даражасы бакалавр кыргыз тил мугалими учурда эмгек акысы 23 151 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 27 360 сомду түзөт. Алыскы тоолуу жергесинде орто билим берүү мектебинде эмгектенген жогорку билимдүү математика мугалими учурда эмгек акысы 65 809 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 80 860 сомду түзөт", - деди ал.
Мамлекет башчысы мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу багытында Агартуу министрлиги тарабынан предметтик методика, санарип көндүмдөр, СТЕМ багыты жана инклюзивдик билим берүү боюнча заманбап курстар уюштурулуп жаткандыгын билдирди.
