Өзгөндүн Кызыл-Кырман айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды
Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кызыл-Кырман айылында 275 окуучуга ылайыкташкан И. Базаркулов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Капсула салуу иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу катышкан.
Билим уясы эки кабаттуу болуп, спорт залы менен кошо заман талабына ылайык бардык шарты менен курулат. Ал үчүн республикалык бюджеттен 233 млн сомдон ашуун каражат каралган.
Белгилей кетсек, Кызыл-Кырман айылындагы И. Базаркулов атындагы орто мектептин эски имараты 1977-жылы ишке берилген. Бүгүнкү күндө эскилиги жеткен мектепте 650дөн ашуун окуучу билим алат.
