Кыргызстанда жаңы окуу жылында 1,5 млн ашык бала мектеп партасына отурат
2025–2026-жаңы окуу жылында Кыргызстандын мектептеринде 1,5 миллионго жакын бала билим алат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымына караганда, Жаңы мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттары бекитилди.
«Кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуткан мектептер үчүн окуу программалары иштелип чыкты. Жай айларында он миңдей мугалим жаңы стандарттар жана окуу китептери боюнча курстардан өттү. Бир гана июль–август айларында 18 миңге жакын мугалим окутулуп, жыл башынан бери жалпы 30 миңден ашуун мугалим билим алды», – деди ал.
Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева быйыл 1–2-класстарга болжол менен 207 миң бала барарын белгиледи. Кошумча квоталарды эске алуу менен 1 жана 2-класстарга кабыл алуу үчүн аймактык бөлүмдөр тарабынан жалпы 306 407 орун бөлүнгөн.
25-августка карата мектептерге 206 835 бала кабыл алынган, анын ичинен:
– 1-класс – 93 669;
– 2-класс – 113 166.
Республика боюнча бош орундар:
– 1-класстар: жалпы – 144 377, кабыл алынган – 93 669, бош – 53 547;
– 2-класстар: жалпы – 159 192, кабыл алынган – 113 166, бош – 46 026;
– жалпы бош орун – 99 573.
Бишкек шаары боюнча: жалпы – 38 426, кабыл алынган – 35 501, бош – 2 925. Анын ичинде:
– 1-класс: квота – 18 030, кабыл алынган – 16 490, бош – 1 540;
– 2-класс: квота – 20 396, кабыл алынган – 19 014, бош – 1 382.
Самыкбаеванын айтымында, бош орундардын көбү борбордун чет жакасындагы мектептерде жайгашкан.
