Мектепке каттоо: эки күндө 29 миңге жакын бала катталды
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026-жылдын 1-апрели саат 10:00дөн 3-апрели саат 10:00гө чейинки аралыкта “Мектеп” (1mektep.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска дээрлик 28 908 бала катталганын маалымдайт.
Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
• Бишкек шаары – 6 211,
• Ош облусу – 5 341,
• Жалал-Абад облусу – 4 715,
• Чүй облусу – 3 409,
• Баткен облусу – 3 134,
• Ысык-Көл облусу – 2 414,
• Нарын облусу – 1 386,
• Ош шаары – 1 007,
• Талас облусу – 964.
Быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.
Белгилей кетсек, 1-апрелден тартып өлкө аймагында балдарды мектепке электрондук каттоо башталган. Биринчи этапта ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.
