Өзгөн районунда 225 орундуу жаңы мектеп ачылды
Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагына караштуу Кашка-Терек айылында бүгүн 225 орундуу жаңы мектеп спорт залы менен кошо пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Мектеп эки кабаттуу болуп, ичинде бардык заман талабына жооп берген шарттар түзүлгөн.
Белгилей кетсек, мектептин курулушу 2023-жылы башталган, имараттын сметалык баасы 114 млн сомго жакын.
Мектептин ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ЖК депутаттары, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Төрага мектепке компютер жабдыктарын тапшырды. Ал эми жергиликтүү бийликтин атынан 300 миң сом ыйгарылды.
