Кыргызстанда колледждерге кабыл алууда босого балл 80 баллга чейин төмөндөтүлдү
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
8 август

Кыргызстанда колледждерге кабыл алууда босого балл 80 баллга чейин төмөндөтүлдү

Кыргызстанда колледждерге кабыл алууда негизги тест боюнча босого балл бешинчи турда 80 баллга чейин төмөндөтүлдү.

Тиешелүү буйрук Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан чыгарылды.

Жаңы талап окуунун бардык формаларына, анын ичинде ваучердик механизм аркылуу гранттык негизде жана контракттык негизде кабыл алууга тиешелүү.

Мындан тышкары, адистиктерге кабыл алууда абитуриенттер кошумча предметтик тесттердин жыйынтыктары эске алынбастан сынакка катыша алышат.

Министрликтин маалыматына ылайык, мындай чечим жарандардан жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ассоциациясынан түшкөн кайрылуулардан кийин, ошондой эле колледждерге кабыл алуу планын аткаруу максатында кабыл алынган.

Абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун бешинчи туру 10-августта башталат.