«Заманбап Мугалим» программасы айыл мектептеринин кадрдык потенциалын күчтөнтөт
«Заманбап Мугалим» – ар түрдүү тармактардагы мотивациясы жогору адистерди айыл мектептеринде иштөөгө тартууга багытталган билим берүү демилгеси. Программа Кыргыз Республикасынын Агартуу Министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылат.
«Teach for Kyrgyzstan – Заманбап Мугалим» программасы дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө иш алып барган, билим берүүдөгү теңсиздикти кыскартууга жана сапаттуу билимге жетүүнү кеңейтүүгө багытталган глобалдык Teach for All тармагынын бир бөлүгү болуп саналат.
Программа билим берүүнү өнүктүрүүгө кызыктар жана мугалим жетишпеген аймактык жана айыл мектептеринин ишине салым кошууга даяр ар кыл кесип ээлери үчүн ачык.Талапкерлер көп баскычтуу конкурстук тандоодон өтүшөт. Бул тандоо кесиптик тажрыйбасы бар, лидерлик потенциалы жогору, балдар менен иштей алган жана ички мотивациясы күчтүү катышуучуларды аныктоого мүмкүндүк берет. Жайкы институт катышуучуларды мектепте ишти натыйжалуу баштоо үчүн негизги педагогикалык даярдык менен камсыздайт.
Программанын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча бош орундар бар мектептерге жумушка орношушат. Бул аракет иштеп жаткан мугалимдерди алмаштырбастан, билим берүү тутумунун кадрдык потенциалын күчөтүүгө багытталган. Үстүбүздөгү жылы программанын катышуучулары тажрыйбалуу педагогдор менен биргеликте Агартуу министрлигинин аттестациясынан ийгиликтүү өтүштү
Катышуучулар эки жыл бою айылдардагы жана чакан шаарлардагы мектептерде иштеп, ошол эле учурда заманбап педагогикалык жана лидерлик практикаларды өнүктүрүп, Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин (БАЭУ) «Өзгөрүү шартындагы педагогика» аттуу магистратура программасында билим алышат. Бул мектептеги окутуу практикасын академиялык даярдык менен айкалыштырган дуалдык окутуу моделине негизделген магистрдик программа. Окуу гибрид форматта – офлайн жана онлайн уюштурулат.
Программаны ишке ашырып жаткан коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Асел Бектенованын айтымында, жаратмандардын биринчи толкуну быйыл эки жылдык циклди жыйынтыктоодо:
«Эки жыл ичинде катышуучулар Чүй облусундагы мектептерде иштеп, практикалык тажрыйба топтошту жана магистратура программасын параллелдүү аякташты. Азыр алар магистрдик дипломдорун жактоого даярданып жатышат. Изилдөө темалары түздөн-түз мектептеги практикадан алынган: билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, чыгармачыл окуучуларды колдоо, окуучулардын мотивациясын жогорулатуу, класстагы катышууну күчөтүү жана башка актуалдуу багыттар».
Teach for All тармагынын эл аралык тажрыйбасы көрсөткөндөй, программанын бүтүрүүчүлөрү билим берүү тутумунда өзгөрүүлөрдү илгерилеткен лидерлер бойдон калышат. Алар мектептерге, билим берүү саясатына жана социалдык долбоорлорго таасирин улантышат. «Teach for Kyrgyzstan — Заманбап Мугалим» программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрү да ушул жолду улантат деп күтүлүүдө.
Учурда программа алкагында Чүй облусундагы 12 мектепте 46 жаратман 8733 окуучуга билим берүүдө. Жаратмандар магистратурада алган инструменттерди, анын ичинде жасалма интеллектке негизделген ассистенттерди активдүү колдонушууда. Мектептерден алынган кайтарым байланыш окуучулардын кызыгуусу жана сабакка катышуусу өскөнүн көрсөтүүдө.
Жыйынтыктарды баалоо үчүн окуучулардын окуу мотивациясын, класстагы климатты жана мугалим менен окуучунун ортосундагы ишеним деңгээлин өлчөгөн эл аралык Panorama Education платформасы колдонулат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жаратмандар иштеген класстардагы окуучулардын 82%ы окууга болгон жогорку мотивацияны көрсөткөн.
Мектептерге жөнөтүлөр алдында катышуучулар Жайкы Институтта интенсивдүү даярдыктан өтүшөт. Андан соң алар эки жыл аймактык мектептерде иштеп, методикалык жана куратордук колдоо менен бирге магистратурада билим алууну улантышат.
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметовдун айтымында, программага тандоо жогорку деңгээлде өтөт:
«Мурдагы агымына катышууну каалагандардын саны 1100дөн ашканы эсимде. Алардын ичинен тандап алууга 120дан ашык киши чакырылган эле. Натыйжада 20дан ашык киши окууга өткөнү маалым. Уюмдун негизги өзгөчөлүгү – билим берүүгө мектепти жаңы аяктагандарды эмес, турмушта өз ордун таап, лидер катары өзүн көрсөтө алган адамдарды тартат да, мугалимдикке алып келет. Алар жайкы лагерде төрт жума окуп аяктаган соң, мугалим болуп иштегенге мүмкүнчүлүк алышат. Биздеги маалыматтарга таянсак, былтыр мектепке барган жаратмандар өздөрүн лидер катары көрсөтө алышты. Алсак, ошол эле IT багытында, педагогикалык жаңы технологиялар менен иштөө, балдар менен, мугалимдер менен иш-чараларды уюштуруу багытында алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишип, өздөрүн мектеп жамаатына жакшы жагынан тааныта алган. Кээ бирлери өздөрү иштеген мектепте медиа борборлорду уюштуруп, ал аркылуу түрдүү маалыматтарды таратышып, түрдүү конкурстардын жеңүүчүлөрүнөн болушту».
Программа билим берүүдөгү глобалдык өзгөрүүлөргө жооп берет. Бүгүнкү күндө салттуу окутуу ыкмалары кайра каралып, мугалим билим булагы гана эмес, насаатчы, фасилитатор жана лидер катары да каралууда. Дал ушундай мугалимди – санарип чөйрөдө өскөн муун менен иштей алган педагогду – дүйнө жүзү боюнча Teach for All тармагынын программалары даярдайт.
