Оштун Эркин-Тоо айылындагы мектеп 1-сентябрда пайдаланууга берилет
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Эркин-Тоо айылындагы С.Турдуев атындагы мектеп толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, 500 окуучу орунга ылайыкталган билим ордо 1991-жылы курулуп андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
Былтыр, 2024-жылы Курулуш министрлиги тарабынан оңдоо иштери башталып, мектеп толук жаңыртылды.
Окуу жылдын башталышы менен окуучулар жаңы мектептен билим ала башташат.
