Бишкекте 1-2-класстарга 3 миңдей бала каттала албай жатат, а бирок 2 миңдей орун бош – Кендирбаева
26 август

Бишкекте 1-2-класстарга 3 миңдей бала каттала албай жатат, а бирок 2 миңдей орун бош – Кендирбаева

Бишкекте мектептерге балдарды каттоо кыйын болуп жатканынын себеби – ички миграция. Учурда 127 миң окуучуга сыйымдуулугу бар мектептерде 236-237 миң баланы кабыл алууга туура келүүдө. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. 

“Ошондуктан биринчи прописка боюнча кабыл алууну киргизгенбиз. Калган 4 этабында прописка жок кабыл алуу иштери жүрүп жатат. Көпчүлүгү мурдагыдай эле тиги же буга звонок кылуу менен өтүп кетем деп күтүшсө керек. Андан тышкары, жакшы мектепке баламды берсем эле баары жакшы болот дегендер бар. Азыр андай эмес: Кыргызстан боюнча бирдей программа, бирдей мектеп. Түндүк системасы аркылуу балдарды мектептерге ортомчуларсыз кабыл алууну уюштурдук. Бир да бала сыртта калбайт”, – деди ал. 

Айтымында, билим берүү мекемелеринде кошумча орундарды түзүү өзүн өзү башкаруу органдарынын милдети. А Агартуу министрлиги Бишкек шаарына берилген квоталарды гана санарипке илет. Министр өзүн өзү башкаруу органдарынан мектептерде кошумча орундарды түзүүнү суранды. 

“Бишкекте азыр 3 миңге жакын бала мектептерге каттала албай жатат, бирок ошол эле учурда 2 миң бош орун бар. Биз пайдаланылбаган квоталарды жокко чыгарып, жалпы балдарды кабыл алуу системасына коштук. Ошондуктан ата-энелер акыркы регистрация системасына кирип көрсө болот”, – деди Кендирбаева.