Садыр Жапаров: 2026-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдер менен медиктердин эмгек акысын көтөрөбүз
18 сентябрь

Садыр Жапаров: 2026-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдер менен медиктердин эмгек акысын көтөрөбүз

2026-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдер менен медиктердин эмгек акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирген. 

Президенттин айтымына караганда, азыр өлкө боюнча 93 миңден ашык мугалим эмгектенүүдө, алардын ичинен 87 миңден көбү мамлекеттик мектептерде.

"Албетте, мугалим жетишпеген учурлар бар, себеби эмгек акынын аздыгы бирок бул көйгөй акыркы жылдары кыйла азайды. Маселен, мага берген маалымат боюнча быйылкы окуу жылдын башында мугалимдер жетишпестиги 947ни түздү, мурдагыдай 2,5 миң эмес. Бул – биздин системалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы", - деп, эмгек акы көтөрүлгөндөн кийин бул көйгөй чечилет деди. 

Мамлекет башчысы эмгек акы канча пайызга жогорулай тургандыгын ачыктаган жок.