Кыргызстанда башталгыч класстын окуучулары оор китептерди көтөрүүдөн кутулушат
26 август

Кыргызстанда башталгыч класстын окуучулары оор китептерди көтөрүүдөн кутулушат

Быйылкы 2025-2026-жылкы жаңы окуу жылы өтө түйшүктүү болоору күтүлүүдө, анткени, бул жылы 12 жылдык билим берүүгө алгачкы кадам ташталат. 

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, 12 жылдык билим берүүгө өтүү 3 этаптан турат жана бул жылы 1-этабы башталат. Ошондой эле, инфраструктура боюнча иштер аткарылды: быйыл жаңы 57 мектеп жана 15 бала бакча пайдаланууга берилет. 

“Окуу китептери менен камсыз кылууда бүтүндөй жаңы программа кирген: 1-2-класстардын жана 5-7-класстардын китептери иштөөдөн өткөрүлүп, учурда “Учкун” басмаканасына берилди, азыр чыгаруу процессинде. Дагы бир жаңылык – электрондук форматтагы окуу китептери ар бир балага “Күндөлүк” аркылуу жеткиликтүү болот. Бул формат башталгыч класстардын окуучуларын оор китептерди көтөрүп жүрүүдөн куткарат”, – деди министр. 

Ал жайы бою мугалимдерди жаңы программа боюнча окутуу иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.