Жоолук салынып келүүгө болбойт: агартуу министри мектеп формасы кандай болоорун айтты
26 август

Жоолук салынып келүүгө болбойт: агартуу министри мектеп формасы кандай болоорун айтты

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Конституциясында “Кыргызстан – светтик өлкө” деп жазылганын белгилеп, ага жараша мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасы болууга тийиш экенин билдирди. 

“Биз 7-класска чейинки окуучулардан мектеп формасын: үстү ак, түбү кара кийинүүнү талап кылабыз. Коңшу өлкөлөрдү караңыздар, аларда да биздикиндей окуучулар, биздикиндей дин бар, бирок толук бойдон мектеп эрежесин сактоого чакырышты. Айрыкча, көпөлөк кыздар дене тарбия, эмгек сабактарында башка балдардан өксүп калбашы үчүн мектеп формасын сактоону талап кылып жатабыз”, - деди Кендирбаева.