Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы мектепте орун алган жагдай боюнча кылмыш иши козголду
2025-жылдын 24-октябрында социалдык тармактардын бири – «Instagram» аркылуу жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Кызыл-Туу айылындагы мектептердин биринде кооптуу кырдаал түзүлгөнү тууралуу белгисиз колдонуучулар тарабынан жарыяланган маалымат аныкталды.
Маалыматта Кызыл-Туу айылынын орто мектебинде окуучулардын арасында акча талап кылуу жана коркутуп-үркүтүү учурлары системалуу түрдө болуп келери көрсөтүлгөн. Айрым жогорку класстардын окуучулары кичүү класстардын окуучуларынан акча талап кылышары, ал эми баш тарткан учурда аларга физикалык же психологиялык басым көрсөтүлөрү белгиленген.
Бул факты каттоого алынып, тийиштүү текшерүү башталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Туу айылынын тургундары – С.Ж. (1988-ж.т.), К.Г. (1988-ж.т.) жана А.Ж. (1988-ж.т.) тарабынан да жазуу жүзүндө арыздар түшүп, алар тиешелүү тартипте каттоого алынды.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин («Опузалап талап кылуу») белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери улантылууда. Анын жыйынтыгында күнөөлүү адамдардын аракеттерине укуктук баа берилип, мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.
