Министрдин орун басары медициналык окуу жайлардагы контракттын суммасын ким аныктаарын айтты
27 июль

Министрдин орун басары медициналык окуу жайлардагы контракттын суммасын ким аныктаарын айтты

Кыргызстанда медициналык орто кызматкерлер жетишпейт, бирок аларды даярдоочу окуу жайларынын контрагы кымбат. Бул боюнча «Биринчи радионун» түз эфиринде илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуевге жаран суроо узатты.

Ал эгерде контракт акысы ылдыйлабаса, кадрлар таңкыстыгы мындан да өсүшү мүмкүндүгүн белгиледи.

Дурус Козуевдин айтымында, медайымдарды даярдоо боюнча атайын мамлекеттик программа бар жана анын негизинде Саламаттыкты сактоо министрлигине 510 жогорку кесиптик, 1270 орто кесиптик гранттык орундар берилет.

“Азыр бул багытта Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен чогуу иш алып барат. Учурда медицина тармагындагы кадрларды даярдоо саясаты Саламаттыкты сактоо министрлигине жүктөлгөн. Контракт боюнча министрликтер тарабынан жалпы саясат сөзсүз каралат, бирок окуу жайлар дагы өздөрүнүн жагдай-шартын карашып, андан соң сумманы бекитишет”, – деди ал.

Министрдин орун басарынын айтымында, учурда медицина жаатындагы жогорку жана орто окуу жайларында контракт 40 миң сомдон 70 миң сомго чейин.