Кыргызстан жана АКШ билим берүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулады
Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов 10-июлда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар STEM багытындагы профессорлор үчүн англис тилинде окутуу программаларын илгерилетүү, илимий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү,ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялар тармагындагы буга чейин түзүлгөн меморандумдун алкагында мындан аркы аракеттерди улантуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, тараптар кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
