2026-2027-жылга карата окуучулардын каникулдарынын графиги бекитилди
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 июль

2026-2027-жылга карата окуучулардын каникулдарынын графиги бекитилди

Кыргызстандын Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планына ылайык, окуу жылындагы эс алуу графиги төмөнкүдөй белгиленди:

  • Күзгү – 5 календарлык күн (2026-жылдын 11–15-ноябры, сабактар 2026-жылдын 16-ноябрынан улантылат);
  • Кышкы – 10 календарлык күн (2027-жылдын 1–10-январында, сабактар 2027-жылдын 11-январынан улантылат);
  • Жазгы – 6 календарлык күн (2027-жылдын 3–8-мартында, сабактар 2027-жылдын 9-мартынан улантылат);
  • Майдагы (майрамдык) – 9 календарлык күн (2027-жылдын 1–9-майында, сабактарга 2027-жылдын 10-майында кайтышат).

Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат.

Кошумча каникулдардын мөөнөтү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары тарабынан аймактык-климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен белгиленет.

Жайкы каникул мезгили эсепке алынбаганда окуу жылынын узактыгы 1-класста – 32 жуманы, 2-класста – 33 жуманы, ал эми 3–11-класстарда 34 жуманы түзөт.