Кыргызстанда ЖРТнын жыйынтыгы менен канча бүтүрүүчү жогорку жана кесиптик окуу жайларына өткөнү белгилүү болду
27 июль

Кыргызстанда ЖРТнын жыйынтыгы менен канча бүтүрүүчү жогорку жана кесиптик окуу жайларына өткөнү белгилүү болду

Кыргызстанда абитуриенттерди жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуунун 3-туру бүгүн, 27-июлда башталды. 

КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдиргендей, босого балл өзгөртүүгө учураган жок. 

Айтымында, быйыл өлкө боюнча мектептерден 80 миңден ашуун бүтүрүүчү чыккан. Анын 69 467си Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катышкан, ал эми 70 пайызы босого баллдан өттү. 

“Педагогикалык кесипке гранттык багытта окууга босого балл 130 деп бекитилди, ал эми контракттык негизде – 115. Жалпылап алганда, босого балл – 110. Кошумча предметтик балл – былтыркыдай эле 60тын тегерегинде. Быйылкы жаңылыктардын бири – орто кесиптик окуу жайына өтүү үчүн дагы ЖРТнын жыйынтыгы киргизилди. Анда босого балл – 90, предметтик кошумча – 40 балл”, – деди ал. 

Министрдин орун басары белгилегендей, окуу жайларга кабыл алуунун 1-туру 13-июлда башталган, акыркы туру 12-августта жыйынтыкталат. 

“Документтерди тапшыруу автоматташтырылган. Азыр абитуриенттер документин тапшыруу үчүн атайылап Бишкекке же окуу жайга барып отурбайт. Баары министрликтин сайты аркылуу жүргүзүлөт. Ал үчүн ЖРТнын жыйынтыгы гана керек. Учурда 61 069 бүтүрүүчү онлайн катталды. Анын ичинен 41 594үнө жогоркуу окуу жайлар сунуштама жиберишти. Сунуштама жиберилгенден кийин бүтүрүүчү аны кабыл алат же жокко чыгарат. 30 101 бүтүрүүчү сунуштамаларды тастыкташып, жыйынтыгында жогорку окуу жайларга кабыл алынышты. Ал эми кесиптик окуу жайларга 28 697 абитуриент каттоодон өтүп, кесиптик окуу жайлар алардын 25 443үнө сунуштама жиберишти. Ал эми 21 203 бала аны тастыктады”, – деди ал. 

Дурус Козуев кошумчалагандай, 5-тур аяктагандан кийин жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары планын, канча бүтүрүүчү тарабынан сунуштама тастыкталганын карап чыгат, а эгерде дагы орун ашып калса, анда бүтүрүүчүлөргө 20-августка чейин мүмкүнчүлүк берилет. 

Министрдин орун басары бүтүрүү онлайн катталгандан кийин 2,5 күндүн ичинде жогорку жана кесиптик окуу жайлары тарабынан көрсөтүлгөн телефон номерине же жеке кабинетине билдирүү келээрин билдирди.