Кыргызстанда 11 жана 12 жылдык билим берүү үчүн базистик окуу пландары бекитилди
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 июль

Кыргызстанда 11 жана 12 жылдык билим берүү үчүн базистик окуу пландары бекитилди

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата 11 жылдык мектептик билим берүү жана 12 жылдык окуу мөөнөтүнө этап-этабы менен өтүүчү класстар үчүн базистик окуу пландарын бекитти.

12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстарда окуу процесси жаңыланган билим берүү программалары жана окуу-методикалык комплекстери менен жүргүзүлөт. Мындан тышкары, жаңы окуу жылынан тартып 8-класстарга жумасына 2 сааттык профилге чейинки компонент киргизилет.

Ошол эле учурда, 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун уланткан 3, 4, 9, 10 жана 11-класстарда окуу процесси «Чет тили» предмети боюнча (3–9-класстар) колдонулуучу окуу-методикалык комплекстеринен тышкары, 11 жылдык мектеп үчүн иштелип чыккан билим берүү программаларынын жана окуу-методикалык комплекстердин негизинде жүргүзүлөт.

Бекитилген базистик окуу пландарына ылайык, өлкөдө өткөрүлө турган ири мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларга байланыштуу республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.

Жайкы каникул мезгили эсепке алынбаганда окуу жылынын узактыгы 1-класста – 32 жуманы, 2-класста – 33 жуманы, ал эми 3–11-класстарда 34 жуманы түзөт.

2026–2027-окуу жылындагы мектептик каникулдардын графиги:

– күзгү – 5 календарлык күн (2026-жылдын 11–15-ноябры, сабактар 2026-жылдын 16-ноябрынан улантылат);

– кышкы – 10 календарлык күн (2027-жылдын 1–10-январында, сабактар 2027-жылдын 11-январынан улантылат);

– жазгы – 6 календарлык күн (2027-жылдын 3–8-мартында, сабактар 2027-жылдын 9-мартынан улантылат);

– майдагы (майрамдык) – 9 календарлык күн (2027-жылдын 1–9-майында, сабактарга 2027-жылдын 10-майында кайтышат).

Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат.

Кошумча каникулдардын мөөнөтү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары тарабынан аймактык-климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен белгиленет.