Ошто жакында 100 орундуу заманбап бала бакча пайдаланууга берилет
Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан №1 “Жибек” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча 100 орундуу заманбап имарат курулууда.
Мэриядан кабарлашкандай, имаратта уктоо бөлмөлөрү, ашкана, санитардык бөлмөлөр бар. Ошондой эле оюн жана эс алуу үчүн заманбап шарттар каралган.
