Оштун Озгур айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктап калды
Ош шаарына караштуу Озгур айылындагы 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктап калды.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, наркы 104 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча мектептин аянты 2099 чарчы метрди түзүп, 3 кабаттуу окуу корпусу, өтмөк галерея, жыйындар жана спорт залы каралган.
Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптын негизинде аткарылып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
