Оштун мэри жаңы окуу жылына даярдыктарды текшерүүнү улантууда
25 август

Оштун мэри жаңы окуу жылына даярдыктарды текшерүүнү улантууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 25-августта мектептердин жана бала бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерүүнү “Жапалак” аймактык башкармалыгында улантты.

Мэриядан кабарлашкандай, рейддин алкагында №75 “Тунук Наристе”, №84 “Ынтымак” балдар бакчаларындагы бөбөктөрдүн уктоочу, тамактануучу жайларын көрүп, ашкана, ажатканаларынын абалын, тамак-аш сапатын текшерди.

Андан ары №48 орто мектебинин жаңы окуу жылга карата даярдыгы менен да таанышты.