Токтомдор “кармашы”: бир класста 25 окуучудан кем эмес болуш керек жана ар бир балага 2 метр аянт
17 сентябрь

Токтомдор “кармашы”: бир класста 25 окуучудан кем эмес болуш керек жана ар бир балага 2 метр аянт

Депутат Жылдыз Таалайбек кызы өлкөдөгү билим берүү системасындагы токтомдор бири экинчисине каршы келип жатканын билдирди. 

Жогорку Кеңештин жыйынында ал белгилегендей, билим берүүдөгү №201 жана №519 токтом мугалимдердин башын айлантып, кайсы бирин карманаарын билбей калган абалга кириптер кылды. 

“Мага мектептердин жамааттарынан кайрылуу болууда. №201 токтомго ылайык, Санэпидемстанциянын нормасы ар бир балага класста 2-2,5 метр аянт туура келиши керек. Ал эми №519 токтом боюнча, бир класста эң аз дегенде 25 окуучу болушу зарыл. Айыл жергесинде эл аз, бир класста окуучу 25ке жетпей калса, эки классты кошууга туура келет. Ошондо бир класста 40ка жакын окуучу окуп калат”, – деди ал. 

Айтымында, 40ка жакын окуучуну 45 мүнөт окутуу материалдарды жеткиликтүү түшүндүрө албай калууга, бөлмө ысып, балдар өзүн жаман сезүүгө алып келүүдө. 

“Мугалимдер айтып жатышат, 40ка жакын окуучу бир класска биригип калганда, Санэпидемстанция келип айыппул салышат экен, эмнеге бир балага 2-2,5 метр деген норманы сактабайсыңар деп. Аны сактайлы дешсе, текшерүү келгенде №519 токтомго такап, эмнеге бир класста 25тен аз окуучу окуп жатат деген кине менен сөгүш беришет экен.  Ушул токтомдорду карап чыгып, тууралап берели. Айылда шаардай эл көп эмес, ошондуктан айыл жергесине бир класстагы окуучулардын саны боюнча норманы 20га ылдыйлаталы”, – деп сунуштады депутат.