Жогорку Кеңеште 10-11-класстын окуучуларын орто окуу жайларына которуу сунушталды
Депутат Элдар Абакиров мектептердеги орун жетишсиздигин бүтүрүүчү класстарды орто окуу жайларга жайгаштыруу менен чечсе болоорун айтты.
Жогорку Кеңештин жыйынында көпчүлүк депутаттар мектеп маселесине токтолушту. Элдар Абакиров өлкөдө өтө көп орто окуу жайлары бош турганын, учурдун көйгөйүн алар аркылуу чечүүгө болоорун билдирди.
“Бир класста 50-60 окуучуну окуткан туура эмес. Аныгында окуучунун саны 25-30дан ашпашы керек. 1-4-класстагы ар бир балага өзүнчө көңүл буруу зарыл. Азыр көптөгөн колледждер, орто окуу жайлары бош турат. 10-11-класстын окуучуларын ошол жакка жиберели, жабдыктарды коюп, окуу классына айлантып берели. 12 жылдык билим берүү системасы өзү ошого алып барып жатпайбы. Ошентип, 1,5 миллион окуучунун 200 миңин орто окуу жайларына жайгаштырсак, бошогон класстарга башталгыч класстарды киргизебиз”, – деди депутат.
