Нарын: Таш Дөбө айылындагы жаңы мектеп 1-сентябрда пайдаланууга берилет
25 август

Нарын: Таш Дөбө айылындагы жаңы мектеп 1-сентябрда пайдаланууга берилет

Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлайт. 

Долбоорго ылайык, 2 кабаттуу окуу корпуста окуучулар үчүн бардык шарттар каралган. Жалпы аянты 1760,7м2

Билим уясы жаңы окуу жылына карата мектеп окуучуларын тосуп алууга даяр.