Депутат мектептерге жардам берген ишкерлерди салыктан бошотууну сунуштады
17 сентябрь

Депутат мектептерге жардам берген ишкерлерди салыктан бошотууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мектептерде мугалимдердин жетишсиздигин айлык акынын аздыгына байланыштырды. Ал бир катар ата-энелер менен сүйлөшкөнүн билдирди. 

“Быйыл 12 жылдык билим берүүгө өттүк. Агартуу министрлиги март, апрель айларында Жогорку Кеңешке келип, даяр экенин айтышкан. Бирок иш жүзүндө андай эмес экен. Биринчи контентти карасак, китептер жок. 1-2-класстын окуучулары кантип окуп жатканын билесиздер, 90-жылдары чыккан китептерди пайдаланып жатышат. Мамлекеттик монополия кылып китеп  басууну “Учкунга” бердик эле, ао жетишпей жатат. Мейли, китептер, андан жол таап чыгуу мүмкүн. Бирок мугалимдер да жетишпейт. Директорлордо күнөө жок, алар колунан келген аракетти жасап, студенттерди да алып келишүүдө. 19 жаштагы, өзү жакшы үйрөнүп бүтө элек студент кичинекей балдарды окутуп жатат. Мугалимдер айлык акынын жоктугунан жетишпей жатканын да билебиз”, – деди Бекешев. 

Ошондой эле депутат мектептерде орун жетишпей жатканын, класстарда 60 окуучу тыгылып эптеп билим алып жатышканын белгилеп, аны чечүү жолдорун да сунуштады. 

“Биз ишкерлерди ким мектепке же бала бакчага жардам берем десе, салыктан бошотолу. Бул бизге жардам болот. Мектептерде жөнөкөй самын, бала бакчаларда оюнчуктар жок. 

Экинчиден, бала толгон мектептерге кошумча имараттарды ижарага алалы. Башка вариант жок. Казакстан ушундай практиканы колдонот, биз да ага өтөлү. Баладан эч убакта үнөм кылбаш керек. 

Үчүнчү, онлайн-мектептерди колдойлу. Агартуу министрлиги онлайн мектептерге уруксат бериши керек. Чоң класстын окуучулары онлайн окууну кааласа, аларга жол бошотолу. Ошондо, башка өлкөлрдө жүргөн мигранттардын балдары да Кыргызстандагы мектептерден билим ала беришмек”, – деди Бекешев.