Кыргызстанда беш предмет боюнча Улуттук олимпиада өтөт
22 январь

Кыргызстанда беш предмет боюнча Улуттук олимпиада өтөт

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданын графиктери тууралуу маалымдайт.

Улуттук олимпиаданы уюштуруунун максаты – зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана илимий-изилдөө иштерине болгон кызыгууларын арттыруу.

Ошондой эле математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын курама командасын түзүү жана даярдоо болуп саналат.

Олимпиада төрт этапта өткөрүлөт. I жана II этаптар онлайн режиминде, III жана IV этаптар офлайн режиминде жүргүзүлөт.

Химия, биология жана физика боюнча олимпиада IV этапта эки тур менен өткөрүлөт: теориялык жана практикалык.

Олимпиадага I этапта классына жана менчик формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарынын бардык каалоочулары катыша алышат. Катышуу акысыз.

Катышуучулар олимпиада башталганга чейин I этапка https://kundoluk.edu.gov.kg/ дареги аркылуу онлайн же жеке аккаунтундагы “E-Kundoluk” мобилдик тиркемеси аркылуу арыз беришет.

Толук маалымат үчүн телеграм-каналдар:

• Биология: https://t.me/nbo_kyrgyzstan/20
• Математика: https://t.me/imo_kg
• Химия: https://t.me/chemkoom Информатика: https://web.telegram.org/a/#-1002096696041
• Физика: https://web.telegram.org/a/#-1001513799068
https://edu.gov.kg/posts/4727/