Мамбашкаруу академиясына өзгөчө статус ыйгарылды. Кызматкерлердин маянасы 50%дан 100%га чейин көбөйтүлөт
Президент Садыр Жапаровдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны камтыган өзгөчө статус ыйгарылды.
Документ мамлекеттик жана муниципалдык кызматты натыйжалуу жүргүзүү үчүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүүгө багытталды.
Академияга берилген негизги укуктар жана жаңылыктар
• Ички уюштуруучулук түзүмүн өз алдынча аныктоо;
• Президенттин Администрациясы менен макулдашуу аркылуу проректорлорду дайындоо жана кызматтан бошотуу;
• Казыналык системадан тышкары банктарда эсеп ачуу мүмкүнчүлүгү;
• Билим берүү, илимий, консультациялык жана башка мыйзамга каршы келбеген ишмердүүлүктөн каражат табуу жана аларды Академияны өнүктүрүүгө багыттоо;
• Акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтөрдү өз алдынча бекитүү;
• Академияны өнүктүрүү үчүн фонддорду түзүү укугу.
Ошондой эле Академия юридикалык жак статусуна ээ түзүмдүк бөлүмдөрүнө материалдык-техникалык базаны оңдоо жана өнүктүрүүгө байланышкан чыгашаларды жүргүзүү укугун берет.
2026-жылдын 1-апрелинен тартып Академия кызматкерлери үчүн олуттуу өзгөртүүлөр киргизилет:
• административдик-башкаруучу персоналдын эмгек акысы 100% көбөйтүлөт;
• ректор жана проректорлордун маянасы 50% өсөт;
• профессордук-окутуучулук курамдын айлыгы 100% жогорулатылат.
Мындан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен атайын өнүктүрүү жана материалдык дем берүү фондун түзүүгө каражат бөлүнөт.
Окуу жай мамлекеттик кайра каттоодон өтүп, ишмердүүлүгүн жаңы укуктук режимге ылайык келтирүүгө тийиш.
