Жаңы идеялар жана инновациялар: мыкты жаш окумуштууларга сыйлыктар тапшырылды
18 декабрь

Жаңы идеялар жана инновациялар: мыкты жаш окумуштууларга сыйлыктар тапшырылды

Бишкекте 17-декабрда Эл аралык илим күнүнө карата уюштурулган жаш окумуштуулар жана инноваторлор арасындагы конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Илим министрлигинен кабарлашты.

Сыйлоо аземин Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу Айбек Чотонов өткөрүп, жеңүүчүлөргө баалуу белектерди тапшырды.

Ал өз сөзүндө жаш окумуштуулардын илимге жана инновацияга кошкон салымы өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экенин белгилеп, алардын демилгелерин колдоо министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө электросамокаттар, планшеттер жана уюлдук телефондор тапшырылды.

Маалымат катары билдирсек, конкурс 2025-жылдын 7–30-октябрь күндөрү өткөрүлүп, илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүктү колдоого, ошондой эле жаңы билимдерди, технологияларды жана практикага багытталган чечимдерди иштеп чыгууга багытталган демилгелерди стимулдаштырууга арналган.

Жалпысынан конкурсқа 73 өтүнмө «Жылдын мыкты илимий макаласы», «Илимий изилдөөлөрдүн негизиндеги мыкты стартап», «Туруктуу өнүгүү жана “жашыл” технологиялар жаатындагы мыкты чечим» жана «Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» номинациялары менен кабыл алынган.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жаш окумуштуулардын жана инноваторлордун демилгелерин колдоону улантып, илим менен инновацияны өнүктүрүүгө багытталган иштерди ырааттуу жүргүзөт.