Милиция Ноокаттагы окуучу кыздын сабалышы боюнча үн катты
Ош облустук милициясы Ноокаттагы 10-класстын окуучусунун сабалышы боюнча үн катты.
Милициянын маалыматына караганда, 2008-жылы туулган К.З., жашы жете элек 2010-жылы туулган А.М.ди жүзүнө уруп, денесине жаракат келтирген.
Окуя ушул жылдын 19-февралында Көк-Жар айыл аймагынын жайгашкан «Көк-Жар инновациялык» мектебинде болгон.
Натыйжада А.М. жараатынан улам райондук аймактык ооруканасынын сынык-жарааттар бөлүмүнө кайрылган.
Аталган окуя боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмүндө 280-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2008-жылы туулган К.З.га, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен айыбы угузулуп, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 27-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши боюнча чечим кабыл алынган.
Кабыл алынган чечим райондук прокуратура тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.
