Ноокатта 10-класстын окуучусу сабалды
20 февраль

Ноокатта 10-класстын окуучусу сабалды

Ноокат районундагы Көк-Жар айылындагы мектепте 10-класстын окуучусун классташтагы сабаган. Бул тууралуу Бермет Биримкулова аттуу жаран Facebook баракчасына жазды. 

Кыздын апасынын айтуусунда, кызынын мурду сынган. Ал кызын башка класстан которулуп келген Зейнеб аттуу кыз шылдыңдагандыгын айткан.

"Ал менин кызымды шылдыңдап, "сен кедейсиң, сенин жада калса кийимге да, тамак-ашка да акчаң жок" деген. Кызым 17-февралда класс жетекчисине арыз жазган, бирок ал тараптан эч кандай реакция болгон эмес. Бир нече күндөн кийин Зейнеб кызымды кабинетте сабап, мурдун сындырган. Окуя орус тили сабагы учурунда мугалим сыртка чыгып кеткен кезде болгон", - дейт кыздын апасы. 

Жабыркаган кыздын апасы окуя болгон күнү мектепте директор да, завуч да болбогондугун айтууда.