Агартуу министрлигине жарандардын ишеним индекси 48,7%га жетти
2 февраль

Агартуу министрлигине жарандардын ишеним индекси 48,7%га жетти

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2025-жылга карата мамлекеттик органдарга болгон Калктын ишеним индексинин интеграцияланган жыйынтыгын чыгарды.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине Калктын ишеним индекси 2024-жылга салыштырмалуу 11,4% га өсүп, 48,7% ды түздү.

Калктын ишеним индекси аймактар боюнча тандалма анонимдик сурамжылоо негизинде эсептелет жана үч негизги көрсөткүчтү камтыйт:

* жарандардын мамлекеттик органдын ишине жеке ишениминин деңгээли,
* коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугу,
* мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын жана иштин сапаты.
көрсөтүлгөн кызматтардын жана мамлекеттик органдын ишинин сапаты.

Калктын ишеним индексинин максаты – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине болгон калктын ишеним деңгээлин баалоо.