Бишкектин Арча-Бешик конушунда 1,2 миң орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө
Курулуш министрлиги
9 март

Бишкектин Арча-Бешик конушунда 1,2 миң орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө

Бишкектин Арча-Бешик конушунда 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн курулуш министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен курулуш этабы менен таанышты.

Долбоордо окуучулар жана окутуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралган. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери толук аяктап, пайдубалга чейинки бетондун төмөнкү катмарын куюу иштери кызуу жүрүп жатат.

Министр курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу менен куруучулардын санын көбөйтүу тапшырмасын койду.

Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп курулуп жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.