Суу чарба адистери ирригациялык объектилерде бетон полотносун төшөө технологияларын үйрөнүүдө
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында сугат системаларын модернизациялоо жана суу чарба тармагына инновациялык чечимдерди киргизүү максатында өлкөдө суу чарба башкармалыктарынын адистери үчүн окутуу тренингдери башталды.
Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген инженерлер жана адистер сугат каналдарына бетон полотносун төшөө боюнча заманбап технологияларды үйрөнүп, практикага негизделген билим алып жатышат. Бул тренингдер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан жана «Юнайтед Конкрет Канвас» компаниясынын колдоосу менен уюштурулууда.
Негизги максат – ирригациялык объекттерди бышык, узак мөөнөттүү жана суу өткөрбөй турган кылып бекемдөө, муну менен өлкөнүн суу менен камсыздоочу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу.
Окутуу процессинде адистер каналдын негизин даярдоодон баштап, бетон полотносун туура төшөө, сапатты көзөмөлдөө сыяктуу иштердин толук процессин үйрөнүшөт. Ошондой эле, коопсуздук эрежелери, заманбап материалдарды жана жабдууларды пайдалануу боюнча да кеңири маалымат алышууда.
Мындай технологияларды колдонуу сугат суусунун жоготууларын кескин кыскартып, учурдагы оңдоо чыгымдарын азайтып, айыл чарба райондорун туруктуу суу менен камсыздоонун негизин түзөт.
Эске салсак, 2025-жылдын 6-февралында Министрлер Кабинетинин буйругунун негизинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен "Юнайтед Конкрет Канвас" ЖЧК компаниясынын ортосунда геосинтетикалык цементтен композиттик материалдарды, башкача айтканда бетон полотносун чыгаруучу заводду куруу боюнча макулдашууга кол коюлган.
