Агартуу министрлиги мектептерди жаңы муундагы окуу китептери менен камсыз кылууда
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарын жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча масштабдуу ишти улантууда.
Бул максатка мамлекеттик бюджеттен 744 млн сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттын эсебинен 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу. Мен жана дүйнө” предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер даярдалууда.
Окуу-методикалык комплекс окуу китебинен, иш дептеринен жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмодон турат.
Быйыл 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу. Мен жана дүйнө” предметтери боюнча 2 780 020 нускада жаңы окуу-методикалык комплекстер басылып чыгат. Ушул тапта “Учкун” ААКнын басмаканасында 1-класстар үчүн “Математика” предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекс 295 880 нускада басылууда.
Басылып чыккан китептердин алгачкы партиясы (57 970 нуска) Бишкек шаарындагы мектептерге жеткирилет.
