Кыргызстанда «Олжастанууга киришүү» окуу китеби тааныштырылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь

Кыргызстанда «Олжастанууга киришүү» окуу китеби тааныштырылды

Кыргызстанда казак акыны жана ойчулу Олжас Сулейменовдун чыгармачылыгына арналган «Олжастанууга киришүү» аттуу окуу куралы-хрестоматиянын бет ачары өттү. Бул тууралуу 26-октябрда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Окуу куралынын редактору жана түзүүчүсү, тарых илимдери боюнча философия доктору, ЮНЕСКОнун колдоосу астындагы Маданияттарды жакындаштыруу борборунун директорунун орун басары Игорь Крупко олжастануу илимий жана маданий багыт катары жаңыдан калыптанып жатканын билдирди.

Анын айтымында, окуу куралы Олжас Сулейменовдун өмүр баяны менен чыгармачылыгын гана эмес, Борбор Азия элдеринин тарыхын, дүйнөлүк маданияттагы ордун жана өз ара көз карандылыкты аңдап түшүнүү идеясын да камтыйт.

Маалымат жыйынына чейин китептин бет ачары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн.