Ош шаарында алгачкы ирет китеп сүйүүчүлөр үчүн чоң фестиваль өттү
Ош шаарында 22–23-апрель күндөрү китеп сүйүүчүлөр үчүн чоң фестиваль өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Фестивалдын алгачкы күнү Ош мамлекеттик университетинде белгилүү чыгармалар боюнча жаш окурмандар үчүн тест сынагы өттү. Андан соң С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында режиссёр Уланмырза Карыпбеков койгон “Куса” драмасы көрүүчүлөргө тартууланды.
Фестивалдын экинчи күнү, 23-апрелде Т. Сатылганов атындагы облустук китепканада “Жаштарды китеп окууга тартуу маселелери” темасында тегерек стол болуп, андан соң университетинин чоң жыйындар залында акын-жазуучу Зинакан Пасанованын 70 жылдыгына арналган чыгармачылык кече уюштурулду.
Жыйынтыктоочу бөлүк Алымбек датка этнографиялык комплексинде өтүп, ага шаар мэри Жанарбек Акаев, КР Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, катышып, иш-чараны расмий ачты.
Фестиваль өткөн аянтта жарманке, көргөзмө, оюндар жана концерттик программа уюштурулуп, шаар тургундары үчүн интеллектуалдык оюндар өткөрүлдү. Ошондой эле китеп сынагына катышкан окуучулар, студенттер жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.
Эске салсак, “Окурман Ош” китеп фестивалы Ош шаарында алгачкы ирет уюштурулду. Аны Ош шаардык мэриясы КР Жазуучулар союзу менен биргеликте өткөрдү.
