Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери мессенджерлерди колдонуу менен уюштурулган кылмыштуу схеманы токтотушту
13 февраль

Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери мессенджерлерди колдонуу менен уюштурулган кылмыштуу схеманы токтотушту

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБнын тергөө кызматы борбор калаанын тургунун алдоо жолу менен жасалган алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөдө.

Такталгандай, 2025-жылдын 23-сентябрында белгисиз адамдар WhatsApp мессенджери аркылуу чалып, өздөрүн Кыргыз Республикасынын УКМКнын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырышкан. Жабырлануучуну алдап анын 988 миң 233 сом өлчөмүндөгү акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБнын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган Э.Б. жана 2005-жылы туулган Д.С. аттуу эки шектүү кармалган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, алар Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, ошондой эле кылмыштын бардык жагдайларын тактоо максатында кошумча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды сак болууга чакырып, телефон же интернет аркылуу өздөрүн мамлекеттик органдардын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдарга акча каражаттарын которбоого үндөйбүз.