Баткен шаарында жаңы жылдык балатынын оту жанды
18 декабрь

Баткен шаарында жаңы жылдык балатынын оту жанды

Баткен шаарында 17-декабрда жаңы жылдык балатынын оту өзгөчө шаң менен жанды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага облус башчысы Айбек Шаменов, шаар мэри Сейтек Кулубаевдер катышып, шаар тургундарына концерттик программа тартууланды.