Түптө Ветеринардык кызматтын жаңы имараты пайдаланууга берилди
24 ноябрь

Түптө Ветеринардык кызматтын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын Түп районундук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары министри Бакыт Төрөбаев катышты.

Түп райондук ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү бөлүмүнүн эски имараты 1978-жылы салынып, аянты 50 чарчы метр болгон жыгач курулуш эч качан капиталдык оңдоодон өтпөй, авариялык абалга келген.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана жеке көзөмөлүнүн негизинде жаңы имаратты куруу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн 73,3 млн сом бөлүнүп, курулуш иштери 2025-жылдын март айында башталган. Эки кабаттуу жаңы имаратта кызматкерлер үчүн кеңсе бөлмөлөрү, ветеринардык аптека жана архив жайгашкан.

Министр Төрөбаев өз сөзүндө Ысык-Көл облусунун ветеринардык системасы толук иштеп, био-каражаттар менен 100 пайыз камсыздалганын, эпизоотияга каршы иш-чаралар толук көлөмдө аткарылганын баса белгиледи. Быйыл 1 млн 869 миңден ашык малга профилактика, эмдөө жана дегельминтизация жүргүзүлгөн.